Жаңылыктар
Бүгүн музейлердин эл аралык күнү
Маданият
Бүгүн музейлердин эл аралык күнү

1977-жылы Музейлердин эл аралык Кеңешинин Ассамблеясы,  18-май–музейлердин эл аралык күнү деп  белгилеген.  Эл аралык деңгээлде  2007-жылдан бери музей дүйнөсүнө коомчулукту  тартуу  максатында, жыл сайын музей сүйүүчүлөр үчүн:“Музейдеги түн”, “Ачык  эшик күндөрү” акциялары музыкалык, театралдык  программалардын  коштоосунда  өтүп келсе, 2017-жылы «Музей жана  талаш туудурган тарых: татаал музейлер жөнүндө сөз”-деген темада» белгиленүүдө.  Дүйнө  коомчулугу менен катар  Кыргызстанда бул күн 2010-жылдан бери майрамдалып келет. 

Адистердин айтымында  атайын сактоочу жайдагы жана ачык асман алдындагы эстеликтер байыркы тарыхтан кабар берип сүйлөп туруу  менен ошол калыбында сакталып турганда гана баалуулугу  артат. 

Аларды сактап муундан-муунга мурастоо  иши каражатты талап кылууда. Тилекке каршы тартыштыктын айынан бул багытта иштер ойдогудай болбой жатканы ачуу чындык .

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”