Жаңылыктар
Айрым дин кызматкерлеринин адепсиздиги динге зыянын тийгизүүдө
Дин
Айрым дин кызматкерлеринин адепсиздиги динге зыянын тийгизүүдө

Айрым дин кызматкерлеринин адепсиздиги динге зыянын тийгизип жатканы өкүндүрөт. Бул тууралуу “Ыйман” фондунун директору Нуржигит Кадырбеков маалымат жыйынды билдирди. 

Ал учурда социалдык тармактарда талкуу болуп жаткан молдокелердин жаңжалы диний билимсиздиктин кесепети дейт. 

Эске салсак, окуя Чүй областынын Сокулук районунун Алтын-Ордо жаңы конушундагы мечитте катталып, анда уруксаты жок дааватка келгендерди бир адам сабап жатканы видеого түшүп калганы. 

Дал ушундай көрүнүштөр кайталанбоосу үчүн “Ыйман” фонду “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында жарандардын диний жана интеллектуалдык потенциалын көтөрүүгө багытталган бир катар долбоорлор менен иштөөдө. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"