Жаңылыктар
КСДП Сооронбай Жээнбековду президенттикке көрсөттү
Саясат
КСДП Сооронбай Жээнбековду президенттикке көрсөттү

КСДПнын саясий кеңеши учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары сунуштады. 

Мындай чечим партиянын саясий кеңешинин жыйынында кабыл алынган. Жээнбековдун талапкерлиги партиянын келерки съездинде расмий бекитилет. 

Аталган партиянын саясий кеңеши президенттикке талапкер катары мамлекет башчысынын аппарат жетекчиси Сапар Исаков, парламенттин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин карашкан.  

Жээнбеков 2016-жылдын 13-апрелинде өкмөт башкылык кызматка дайындалган. 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган. Жогорку билимдүү.