Парламент президенттик жана парламенттик шайлоо мыйзамына сунушталып жаткан түзөтүүлөрдү экинчи окууда колдоду.
Документке ылайык, «ноябрдын үчүнчү жекшембисинде» деген сөз «октябрдын үчүнчү жекшембисинде» болуп өзгөрүп жатат.
Мындан тышкары, парламенттик шайлоо босогосу 7 пайыздан 9 пайызга жогорулатылууда.
Демилге 109 депутаттын колдоосуна татып, 6 парламентарий каршы чыкты.
Талкуу соңунда мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты.
Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"