Жаңылыктар
Тарых жана маданият жылын өткөрүү үчүн 100 млн сом бөлүндү
Маданият
Тарых жана маданият жылын өткөрүү үчүн 100 млн сом бөлүндү

Тарых жана маданият жылын өткөрүү үчүн 100 млн сом бөлүндү. Анда республикалык, эл аралык жана улуттук деңгээлде иш-чаралар мерчемделген.  Тизменин башында Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы, Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну жана өлкөнүн эгемендигинин 25 жылдыгы турат.  

Ошондой эле өлкөнүн эгемендигин 25 жылдыгы, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгы, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы, Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы андан сырткары Тайлак баатырдын  220 жылдыгын өткөрүү мерчемделген. Иш-чаралар Бишкек шаарында же район, облус борборлорунда гана белгиленбестен айыл-кыштактарда дагы белгиленет. Тарых жана маданият жылына даярдануу жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын бөлүм башчысы Акимбек Текешов тарыхка байланыштуу атайын тасмалар жана китептер жарыкка чыгат  –дейт.  

Жыл ичинде тарыхый-маданий мааниге ээ болгон Сулайман-Тоо, Бурана, Таш-Рабат жана Манас-Ордо өңдүү обьектилерди таанытуу аракеттери көрүлөт. Андан сырткары Кыргыз тарыхы жана Жусуп Баласагын тууралуу бир каттар эл аралык конференциялар өтөт.  Ошондой Султан Раев буларды кошумчалайт:

Биздин тарых менен маданиятка  байланышкан баардык тармактар камтылды. Мисалга быйыл жаңы спектаклдарды койгонго 15 млн сом бөлүндү. Ошондой эле буга чейин эч бир изилденбеген  катталбаган өлкө аймагындагы  саймалуу таштарды  7 млн сомдон ашык акча каражатына  паспорттоштурабыз. Андан сырткары сейрек  кездешкен китептер жана тасмалар санатиптик форматка өткөрүлөт. 

Кошумчалай кетсек, тарых жана маданият жылына карата атайын логотип иштелип чыкты. Мындан тышкары «Маданият-2016» жаңы сайты ишке кирет.