Жаңылыктар
БШК: партиялар жоопкерчиликти билиши керек
Шайлоо 2023
БШК: партиялар жоопкерчиликти билиши керек

Президенттик шайлоого катышып жаткан партиялар өз кадыр-баркын билип, мыйзамды бузбай иш алып барышы зарыл. Тактап айтканда, добуш сатып алуу кылмыш экенин билиши керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкектеги президенттик шайлоо өнөктүгү жана саясий партиялардын жоопкерчилигине арналган жыйында билдирди. 

Ал акыркы жергиликтүү кеңешке шайлоо учурунда добуштарды сатып алуу фактылары катталганын, мындай ыкманы шайлоого биринчи жолу катышып жаткан партиялар дагы колдонгонун кошумчалады. Бул окуялар партиялар дагы эле өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликтүү миссияны сезбей жатканынан кабар берди. 

Мындан улам келе жаткан президенттик шайлоодо БШК атайын жумушчу топ түзүп, партиялардын өкүлчүлүктөрү менен окууларды өткөрүп, алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү жатат. Кыргызстанда акыркы жергиликтүү кеңештин шайлоосуна 36 партия катышса, анын 21и алгачкы жолу шайлоого катышкан. Ал эми президенттик шайлоо быйыл күздө өтөт.