Үй-бүлөлүк маселелерди чечүүнү өркүндөтүүдө саясий эркиндик керек. Мына ушундай аталышта Ош шаарында Кыргызстандагы үй-бүлөлүк дарыгерлердин 2-курултайы өтүүдө.
Курултайга өлкөнүн биринчи айымы Раиса Атамбаева, президенттик аппараттын, ЖКтин жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Иш-чарада конок иретинде чет өлкөлүк жана борбор азиядагы, ошондой эле КМШ мамлекеттеринен келген үй-бүлөлүк медицина тармагы боюнча эксперттери, республиканын булуң-бурчунан чакырылган 500гө жакын жергиликтүү дарыгерлер катышты.
Эки күнгө уланган иш-чарада үй-бүлөлүк дарыгерлердин аброюн көтөрүү, жаш кадрларды тартуу, заман талабына шайкеш келе турган ыкмаларда иштөө маселелери талкууланат.
"Бул тармакта көйгөйлөр бар, буларды чечүүнүн жолдорун биз ар тараптуу чечип келебиз. Соңку жылдары калктын саламаттыгын чындоого алгылыктуу көңүл бурулууда. Ооруканалар курулуп атат",- деп билдирди Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев.