Жаңылыктар
Мектеп окуучуларынын уулануусу иликтенет
Ден соолук
Мектеп окуучуларынын уулануусу иликтенет

Кечээ, 17-майда, вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Тоскоол айылында, мектеп окуучулары массалык ууланган окуя боюнча кеңешме өткөрдү. 

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Төлө Исаковдун берген маалыматы боюнча, массалык уулануудан 31 бала ооруканага жатып, кийинчерээк 25 окуучу үйлөрүнө чыгарылган. 

Азыркы учурда 6 бала Ноокен аймактык ооруканасында дарылануусун улантууда. Аларга бардык зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлгөн. Эки окуучуга «ОРВИ» диагнозу коюлган. Калгандарынын дарты так аныктала элек. Кеңешменин жыйынтыгында вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Саламаттыкты сактоо министрлигине менен ички иштер министрлигине бул жагдайды жакшылап иликтөөнү тапшырды. 

Калк арасында өздүк гигиенаны сактап, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экендигин айтты.