Жаңылыктар
"Таза коом" долбоорунун эл аралык конференциясы өтөт
Ден соолук
"Таза коом" долбоорунун эл аралык конференциясы өтөт

30-майда "Таза коом" долбоорунун эл аралык конференциясы өтөт. Ага 300дөн ашык эл аралык уюмдар менен эксперттер чакырылды. Бүгүнкү күндө конференцияга катышуучуларды тазакоом.кж сайтында каттоо жүрүп жатат.

2040-жылга чейинки Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясында негизги орунду ээлген “Таза коом” долбоорунун бет ачары 30-майда өтө турган эл аралык конференцияда болот. Иш-чарага 300дөн ашуун эл аралык уюмдар, донорлор жана эксперттер чакырылды.

Конференцияга катышып, анда сөз сүйлөөчүлөр tazakoom.kg сайтына катталышы керек. Сайттагы маалыматтар үч тилде жүрүп жатат. Катыша албай, бирок анын ишине көз салууну каалагандар интернеттен түз көрө алышат.

Таза коом долбоору президенттин демилгеси жана ал жарандык коом, мамлекеттик түзүмдөр жана жеке ишкерлердин күчү менен ишке ашат. Долбоор тууралуу мамлекет башчы Пекинде өткөн экономикалык форумдун жүрүшүндө кесиптештерине айтып берген.

Конференциянын жүрүшүндө ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукциялары үчүн көргөзмө уюштурулат. Ага улуттук долбоорго катышууну каалаган ишкерлер өз продукцияларын койсо болот. Бул конференцияга улай 11-июнда форум пландаштырылууда. Ал жогорку деңгээлде өтүп, макамына жараша эл аралык уюмдар катышат.