Жаңылыктар
Экономика министрлиги расмий адал стандартын түзүүнү демилгелөөдө
Экономика
Экономика министрлиги расмий адал стандартын түзүүнү демилгелөөдө

Ага ылайык адал-индустриясынын ишмердигин жөнгө салуучу токтом чыгаруу сунушталууда. Министрлик өлкө аймагында адал азыктарын сатууну жөнгө салып, эрежеге тууралоо боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга койду. Эгер документ кабыл алынып калса адал маркасы менен товар чыгарган ишканалар Мамлекеттик органдардын жана Муфтияттын атайын сертификациясынан өтөт. Ал арада жергиликтүү серепчилер өкмөттүн бул кадамына оң баасын беришүүдө. 

Өлкөдө адал стандартты ишке ашырууда мамлекеттик органдар муфтият менен биргеликте иш алып барса, жыйынтыгы натыйжалуу болот-дешет жергиликтүү серепчилер. Айтымдарында аз да болсо муну менен сапатка көңүл бурулуп баштайт. Эксперт Улук Кыдырбаевдин пикиринде мамлекет тарабынан атайын маселеге көңүл бурула баштаса, халал продукциясына болгон элдин ишеними артары бышык.

Мекеменин маалыматына ылайык, аталган токтом адал-индустриясын өнүктүрүү концепциясынын бир этабы болуп саналат. Долбоор Кыргызстанды сырткы рынокко эл аралык жана адал стандарттарына туура келген экологиялык айыл чарба продукцияларын чыгарган өлкө катары көрсөтүүнү  дагы максат кылат. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"