Жаңылыктар
Кыргыз авиациясын «кара тизмеден» чыгаруу аракети көрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз авиациясын «кара тизмеден» чыгаруу аракети көрүлүүдө

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) Кеңешинин төрагасы Олумуива Бернард Алиу жана бул уюмдун Европа жана Түндүк Атлантика бюросунун регионалдык директору Луис Фонсека менен жолугушту. 

Сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн кыргыз авиациясын эл аралык «кара тизмеден» чыгаруу маселеси түздү. Бернард Алиунун айтканына караганда, ИКАО уюму тарабынан Кыргызстандын алдына бир катар талаптар коюлган. Анын айрымдары аткарылган менен дагы бир тобун аткаруу милдети турат. 

«Кара тизмеден» чыгуу үчүн Кыргызстан авиацияга байланышкан мыйзамдарынан тартып, техникалык, коопсуздук чараларына чейин эл аралык стандарттарга ылайык келтириши зарыл. Ал турсун жарандык авиацияда иштеген кызматкерлердин айлык акыларына чейин талапка жооп бергендей болушу абзел. 

Мына ушул багытта баарлашкан төрага, кыргыз парламенти - Кыргызстандын, кыргыз авиациясынын кызыкчылыгына туура келген бардык маселелерди ар тараптан колдоого алууга даяр экенин билдирди. Ошону менен бирге, талкууга алынган маселелерди кеңири талдоодон өткөрүп, анын жыйынтыгын өкмөткө тапшырууну милдеттендирди.