Жаңылыктар
Гранттык орундарга студенттерди тандоо үчүн атайын комиссия түзүлөт
Билим
Гранттык орундарга студенттерди тандоо үчүн атайын комиссия түзүлөт

Чет өлкөлөрдө гранттык билимди чиновниктердин  гана  балдары алып жатат.  Карапайым калктын, чындап терең билим алуу ниети бар балдарына мүмкүнчүлүк берилбей жаткандыгын Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев сындады. Депутат, Венгрия өлкөсүндө окуп жаткан  студенттерди мисал келтирди.  

Ал  арада Билим берүү жана илим министрлиги гранттык орундар боюнча маалымат министрликтин сайтына жана массалык маалымат каражаттарына жарыяланаарын  билдирди. Ал эми студенттерди тандоо үчүн атайын комиссия түзүлөөрү белгиленди.  

Маалыматтарга ылайык, жогорку билим алууну эңсеген  жаштар үчүн Кыргызстан  менен  чет мамлекеттердин ортосунда келишим түзүлгөн. Мисалы, алардын катарында Россиянын, Кытайдын, Чехиянын жана башка  мамлекеттердин  алдыңкы окуу жайлары бар. Аларга тапшырууну каалагандар каттоодон өтүп, экзамен тапшырышат. Сынактан ийгиликтүү өткөндөр акысыз билим алышат. Буга байланыштуу маалыматтар газеталарга  жана билим берүү министрлигинин  сайтына жарыяланаарын  мекемеден  билдирүүдө.

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"