Анткени, анын курамында организмге керектүү заттар көп. Ден-соолукка пайдалуу. Ошондой эле кебектен жасалган нандын да пайдалуулугу жогору. Организмди баалуу белок, витамин жана клеткалар менен камсыз кылат. Эң башкысы адамдын иммунитетин көтөрөт. Чындыгында кара нандын пайдалуу жагы экенин адистер эске салышат.
Андан токсиндер жана аллергия пайда болбойт. Ошону менен бирге кара нан жеген адамдар ашыкча салмактуулук менен жабыркашпайт. Себеби, курамында көптөгөн никотин кислотасы бар. Ашказан, ичеги, гипертония, атеросклероз ооруларына чалдыгуу коркунучу азаят. Кара ундан жасалган нандын түсү кочкул күрөң, ал эми ак ундун наны алтын түстүү болушу шарт – дейт серепчи Сейтек Кулубаев.
Кара нан адамдын ден соолугуна көп жагынан пайдалуу. Ал тургай анын кебеги дары катары даарыканаларда сатылып жатканын дарыгерлер белгилешет.
Кадыр Калилов, "Биринчи радио"