Жаңылыктар
Ош: катуу жааган жамгырдан кийин шаар көчөлөрүн суу каптады
Өзгөчө кырдаал
Ош: катуу жааган жамгырдан кийин шаар көчөлөрүн суу каптады

Катуу жааган жамгырдан, Ош шаарынын борбордук базарын жана Киров атындагы мектептин короосун суу каптап кетти. Мындан улам жолдон өтө албай калган окуучуларды куткаруучулар колдоруна көтөрүп өткөргөн. 

Суу Курманжан Датка жана Алишер Новои көчөсүн, Шейит-Дөбө кичи районундагы Жеңиш жана Мамажан көчөлөрүн дагы каптап, ал жердеги имараттарга, үйлөрдүн жер төлөлөрүнө чейин кирген. Куткаруучулар азыр сууларды акырындык менен сордуруп, тазалап жатышат.