Жалал-Абадда бир жоокер экинчисин унаа менен койдуруп алып, көз жумду. 18-майда Куралдуу күчтөрдүн жөө аскерлеринин катарында келишимдик негизде кызмат өтөгөн катардагы жоокер ошол эле бөлүктөгү дагы бир жоокерди унаа менен койдуруп алган.
Бул тууралуу аталган аскер бөлүктүн маалымат кызматынан билдиришти. Жабыркаган жоокер Майлуу-Суу аймактык ооруканасына жеткирилип, бирок алган жаракатынан улам көз жумган.
"Кырсык аскер бөлүгүнүн паркында техникаларды кезектеги кароодон өткөрүү маалында болгон", — деп айтылат билдирүүдө. Бул факты боюнча Жалал-Абад гарнизондук аскер прокуратурасы кабардар болуп, иликтөө иштерин баштаганы кошумчаланды.