Баткенде облусунун Бужум айылынын 7 мектеп окуучусу ууланып ооруканага түштү. Маалыматка караганда алар химиялык затка ууланган. 7-класстын окуучусу танапис учурунда көчөдөн таап алган билиги бар буюмду класска алып кирип күйгүзгөн.
Ал учурда класста 21 окуучу болгон.
Эки сааттан кийин кээ бир окуучулардын дем алуусу кыйындап, жөтөлүп башташкан. 7 окуучу Баткен облустук ооруканасына жеткирилип, үчөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Окуя 18-май күнү болгон.