Кыргызстанда май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. Майрам алдында президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн бардык аймактарынан келген көп балалуу энелерди майрамы менен куттуктап, “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” медалдары менен сыйлады.
Өлкө башчы өз сөзүндө, сыйлык ээлерин чын жүрөктөн куттуктап, бул майрам бардык энелерге ыраазычылык билдирип, аларды ардактап, сый урмат көрсөтүүгө дагы бир себеп экенин белгиледи.
“Бул дүйнөдө эне сүйүүсүнө тең келчү эч нерсе жок, бул ар бирибизге берилген улуу сыйлык, андыктан элибизде ар убак “Бейиш энелердин таман астында” - деп айтылып келет” - деди өлкө башчы.
“Баатыр эне” ордени менен бирге көп балалуу энелерге белектер, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Өлкө президентинин жарлыгы менен быйыл 1618 эне “Баатыр эне” ордени, ал эми алты баланы тарбиялап өстүрүп жаткан 551 эне “Эне даңкы” медалдары менен сыйланышты.