Келээрки жылы Кыргызстандын авиакомпаниялары Европа Биримдигинин кара тизмесинен чыгат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди. Өлкөнүн жарандык авиациясын өнүктүрүүгө арналган Бишкектеги жыйынга Эл аралык жарандык авиация уюмунун кеңешинин жетекчиси баштаган бир катар адистер катышты.
Европа Биримдиги мыйзамдык базасы жана коопсуздук шарты талаптагыдай эмес деген жүйөө менен Кыргызстандын авиакомпанияларын кара тизмеге киргизген. Мындан улам биздеги учактар Биримдикке мүчө өлкөлөрдө учуп жүрө албайт. Кара тизмеден чыгуу үчүн бир катар алешемдиктерди жоюу зарыл.
Тармактагы абройлуу уюмдардын жетекчилеринин Кыргызстанга келиши бекеринен эмес. Эл аралык жарандык авиация уюму көмөк көрсөтүүнү убада кылууда. Материалдык-техникалык база чыңдалып, адистер жаңы деңгээлге көтөрүлүшү керек.
Авиакомпаниялардын кара тизмеден чыгуусу үчүн Кыргызстанга 120дан ашык талаптар коюлган. Алардын көпчүлүгү коопсуздукка байланыштуу. Тиешелүү мекеме келээрки жылы Эл аралык жарандык авиация уюмунун сертификатын алып, Европа Биримдигинин кара тизмесинен чыгууну максат кылууда. Коюлган талаптардын 60 пайызы аткарылды деп ишендирет. Европалык стандарттарга толук ылайыкташуу үчүн жарандык авиацияга каражат зарыл болуп турат.