Жаңылыктар
Улуттук стратегия: мамлекеттик башкаруу
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук стратегия: мамлекеттик башкаруу

Өлкөнү 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегияны иштеп чыгуу боюнча жыйын өттү. Анда башкы маселе катары мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну жакшыртуу маселеси талкууланды. 

Эксперттер, президенттик аппараттын, Жогорку Кеңештин жана Өкмөт аппаратынын өкүлдөрү катышкан кезектеги жолугушууда адамдын дарамети менен мүмкүнчүлүгү баалуу ресурс экени белгиленди. 

Өлкөдө эгемендикке ээ болгондон бери мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын издөөдө алгач Япония баштаган өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбаларын колдонуу аракеттери болду. 25 жыл өткөн соң улуттук кызыкчылыктарды, Кыргызстандын геосаясий ордун, ресурстарды эске алуу менен мамлекеттик башкаруунун алдыңкы үлгүсү түзүлдү. Бул системага Светтик башкаруунун элементтери менен рыноктук капиталисттик мамиле камтылды. Бирок, мындай ыкма сапаттуу башкаруу чечимдерин кабыл алууга тоскоолдук жаратат - дейт эксперттер. Ошондуктан учурда өлкөгө мамлекеттик башкаруунун жаңы үлгүсү зарыл болуп турат.

“Таза Коом” Өлкөнү 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын бир бөлүгү. Бул сапаттуу тейлөө, ишкерчилик үчүн шарт түзгөн жалпы улуттук жогорку технологиялык долбоор. Долбоор ишке ашырылса мамлекеттик башкаруу системасында ачыктык камсыздалып, бул коррупциянын алдын алуу жана аны менен күрөшүүнүн куралы болот.