Жаңылыктар
Жолдо жүрүүнүн эрежесин сактайлы
Кыргызстан жаңылыктары
Жолдо жүрүүнүн эрежесин сактайлы

Акыркы эки ай убагында окуучулар жол кырсыгына кабылган учурлар өлкөбүздө көп катталды. Бул көрүнүштү азайтуу максатында мектептерде жолдо жүрүүнүн эрежелерин түшүндүрүү сабактары өткөрүлүп баштады. 

Анда өспүрүмдөрдүн арасынан чыккан жол сакчыларынын жаш жардамчылар тобу түзүлүп, кенже класстын окуучуларын жолдон өткөрүп, жардам көрсөтүп жатышат.

Бирок алып учуп айдаган айрым айдоочулар бул жол белгилерине деле карашпайт. Алардын кесепетинен соңку учурда окуучуларды унаа коюп кеткен тасмалар интернетке таркап, коомчулуктун катуу сынына кабылды.

Жөө адамдар өтүүчү жол белгилер, көчөлөрдө коюлган светофорлор, булардан кандай өтүү керек? Эми окуучуларды жол кырсыгынан сактоо үчүн Бишкектеги мектептерде атайын акциялар башталды.

Ал эми Бишкектеги 49-орто мектеп бул ишти 2 жылдан бери эле өткөзүп келишет. Ал үчүн жол сакчыларынын жаш жардамчылары тобу түзүлүп, кенже класстын окуучуларына минтип, жолдо жүрүүнүн эрежелерин көргөзүп беришет. 

Жол коопсуздугу боюнча жаш жардамчыларынын иштерин көзгө илбеген да айдоочулар четинен чыгат.