Жаңылыктар
Өлкө президентти билим берүү жана илим министрин кабыл алды
Билим
Өлкө президентти билим берүү жана илим министрин кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн табият кырсыктарынан жабыр тарткан аймактарындагы балдардын окуусун уюштуруу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө министрдин маалыматын укту. Алмазбек Атамбаев - билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын жана мугалимдердин муктаждыктарына өзгөчө көңүл буруу менен табият кырсыктарынан жабыр тарткан аймактарда окуу жылын уюшкандыкта аяктоо үчүн бардык зарыл шарттарды түзүшү керек экендигин баса белгиледи. Андан тышкары, мамлекет башчысы авариялык абалдагы бардык мектептердин ордуна тез арада жаңы мектептерди куруу иштерин баштоону, ошондой эле капиталдык оңдоодон өтө турган мектептердин санын көбөйтүүнү тапшырды. Мамлекет башчысы бул тизмеге Токмок шаарындагы №6-мектепти кошууну дагы өтүндү. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча Токмоктогу №6-мектеп 1992-жылы курулган. Эске сала кетсек, Аталган мектептин учурдагы абалы, чатырдан суу киргендиктен окуу ишине тоскоол болуп жаткандыгы жөнүндөгү материал "Ала-Тоо" маалымат программасынын 19-майдагы чыгарылышында көрсөтүлгөн.