Жаңылыктар
Жети-Өгүз районунда көчөт отургузуу саамалыгы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Жети-Өгүз районунда көчөт отургузуу саамалыгы өттү

Жети-Өгүз районунда токой аянттарын кеңейтүү максатында көчөт отургузуу саамалыгы өттү. Бул демилге БУУга караштуу азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун "Токойлуу жерлерди климаттын өзгөрүү шартында туруктуу башкаруу" долбоору аркылуу колго алынган. Долбоор иштей баштаганы 3 жыл аралыгында Жети-Өгүз району боюнча 48 миң түп көчөт отругузулуп, Липинка, Саруу жана Көк-Жайык аймактарында жаңы токой тилкелери пайда болгон. Быйылкы жыл ичинде дагы 15 миң даана ийне жалбырактуулардын жана көк-теректердин көчөттөрүн тигүү пландалган. Долбоор Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланып, өлкө боюнча 8 токой чарбасы кирген.