Жаңылыктар
Муслим Евлаев IV Ислам шериктештиги оюндарынын чемпиону болду
Спорт
Муслим Евлаев IV Ислам шериктештиги оюндарынын чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Муслим Евлаев Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан IV Ислам шериктештиги оюндарынын чемпиону болду. Эркин күрөшчү Евлаев 19-май күнү 74 килограмм салмакта күч сынашты. Алгач ал чейрек финалда мавританиялык спортчуну 10:0 эсебинде утуп, кийинки жарым финалда казакстандык Болат Сакаевди 7:4 эсебинде жеңген. Алтын байге үчүн чечүүчү таймашта түркиялык Сонер Демиртас менен беттешип (4:4) эсебинде жеңишке жетти. Евлаевдин байгесин кошкондо учурда Кыргызстандын спортчуларында үч алтын, үч күмүш, жети коло медаль чогулду. Жалпы 13 байге менен медаль алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 10-катарда бара жатат. 12-майда башталган IV Ислам шериктештиги оюндары 22-майда аяктайт. Ага 54 мамлекеттен 3000ге жакын спортчу катышууда. Кыргызстандан болсо спорттун 11 түрүнөн таймашуу үчүн жалпысынан 68 спортчу күч сынашат.