Жаңылыктар
Таш-Көмүрдөгү дайынсыз жоголгон окуучунун сумкасы табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Таш-Көмүрдөгү дайынсыз жоголгон окуучунун сумкасы табылды

Таш-Көмүр шаарында 2003-жылы туулган Маратов Серик 17-майдан бери дайынсыз болууда. Ал 17-майда Кичи-Курулуш аймагындагы №24 дарегиндеги үйүнөн мектепке кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.


8-класстын окуучусу Сериктин жакындарынын айтымында, анын сумкасы, телефону жана жемпири Нарын дарыясы тараптан табылган. Учурда милиция кызматкерлери жана куткаруучулар Серикти издөөдө.

Ал арада Таш-Көмүр ШИИБ издөө жарыялады. Алардын маалыматына караганда, Сериктин бою 1,65-1,70 см, арык дене түзүлүштө, ак жүздүү, кашы-көзү кара.

Кийген кийимдери ак көйнөк, кара шым, кара туфли, боз түстөгү мектеп сумкасы.