Жаңылыктар
Тыныбекова Ислам тилектештик оюндарында жеңүүчү аталды
Спорт
Тыныбекова Ислам тилектештик оюндарында жеңүүчү аталды

Кечээ жекшембиде, Ислам тилектештик оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча таймаштар жыйынтыкталды. Анда 58 килограммга чейинки салмактагылар арасында Айсулуу Тыныбекова финалда үй ээсинин спортчусу менен кез келип, 5:2 эсебинде жеңип алды. 

Тыныбекова бул жеңиши менен Кыргызстан курамасынын эсебине төртүнчү алтын медалды жазды.

Кошумчалай кетсек, Айсулуу Тыныбекова 13-май күнү Индиянын Дели шаарында өткөн Азия чемпиондугунда финалга чыгып, индиялык спортчу Сарита менен беттешкен. Ал таймашта Тыныбекова 6:0 эсебинде жеңишке жетип, алтын медалды тагынган.