Жаңылыктар
Келерки жылы Кыргызстан Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгат
Кыргызстан жаңылыктары
Келерки жылы Кыргызстан Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгат

2018-жылдын күз айларына чейин Кыргызстан Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгат. Бул тууралуу өлкөнүн жарандык авиациясын өнүктүрүүгө арналган жыйында белгилүү болду. Иш-чарага Эл аралык жарандык авиация уюмунун кеңешинин жетекчиси жана жергиликтүү адистер катышышты. 

Европа Биримдиги Кыргызстандын авиакомпанияларынын бардыгына мыйзамдык базасы жана учактардын коопсуздукту сактоо талаптары эл аралык стандартка дал келбейт- деген жүйө менен өз аймагында учуусуна мындан 11 жыл мурда тыюу салган. Андыктан биздеги учактар бул аймакта учуп жүрүүсү үчүн бир катар кемчиликтерди жоюу зарыл. Президенттин аппарат жетекчиси Сапар Исаковдун айтымында ал үчүн алды менен коюлган талаптарды так аткарып, мыйзамдарды карап чыгуу керек.

"Биринчи кезекте  мыйзамдарды оңдоп-түзөө керек. Жарандык авиация агенттиги жыйынтык бере турган  кадамдарды жасоо үчүн эки жуманын ичинде атайын план иштеп чыкмай болууда.  Андыктан бул багытта иштин так планы тууралуу коомчулук жакын арада билине  баштайт".

Кара тизмеден чыгуунун жолдорун издеген жыйында Жарандык авиация агенттиги менен Эл аралык аба транспорт биримдигинин ортосунда кызматташтык меморандумуна кол коюлуп, анда бир катар авиация тармагына тиешелүү кызматташттыкты жакшыртуу камтылган. Ошентип  Кыргызстандын авиациясы  Европа биримдигинин кара тизмесинен чыгууга камынууда. Маалыматка ылайык, эгер алдыга коюлган тапшырмалар толук аткарылса, өлкө эмдиги жылы ноябрь айында кара тизмеден чыгып калышы  ыктымал.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"