Жаңылыктар
Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасында жер титирөө катталды
Кырсык
Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасында жер титирөө катталды

21- майда саат 23:03тө КР Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институту тарабынан силкинүүнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында орун алган. Достук айылынан түштүк-чыгышты карай 8 км, Ала – Бука район борборунан түштүк чыгышты көздөй 16 км, Кербек айылынан түштүк-батышка 16 км, Наманган шаарынын түндүккө 40 км, Терек – Сай айылынан түштүк-чыгышты карай 45 км, ал эми Таш -Көмүр шаарынан батышты көздөй 45 км жерде жер титирөө катталган.

Республиканын калк жашаган аймактарында байкалган жер титирөөнүн күчүнө кайрылсак, Достук, Кербен айылдарында 2,5 балл, ал эми район борбору Ала-Букада 2 балл деңгээлдеги жер титирөө байкалган. Маалыматка караганда кыйроолор жана жабыркагандар жок.