Жаңылыктар
Курулуштагы кырсык
Кырсык
Курулуштагы кырсык

Айдоочулардын чак түштөгү араздашуусу орун алган жерден 500 метр алыстыкта болуп өткөн дагы бир окуя өлүм менен аяктады. 32 жаштагы куруучу Талант Кенжекулов күтүүсүздөн 8-этаждан кулап кетип, ошол жерден жан берген. 

Окуя Токтогул көчөсү менен Жаш гвардия бульвары кесилишкен жердеги жаңы курулуп жаткан үйдө болгон. Объект "Кент-Иншаат" аталышындагы түрктөрдүн компаниясына тиешелүү.

Каза тапкан жарандын жакындары компания курулушчулардын коопсуздугуна кам көрбөгөнүн айтып нааразы болууда. Курулуш компаниясынын өкүлдөрү кандуу окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Чогуу иштегендеринин айтымында Талант Кенжекулов бул жерде былтыр күздөн бери иштеп жаткан.