Жаңылыктар
ЖК депутаттары Маңгыт айылындагы оорукананын курулушунан кабар алышты
Ден соолук
ЖК депутаттары Маңгыт айылындагы оорукананын курулушунан кабар алышты

Ош облусуна иш сапар менен барган төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар Араван районуна караштуу Маңгыт айылында курулуп жаткан оорукананын курулушунан дагы кабар алды. Оорукананы куруп жаткан ишкана имараттын 80-90 пайызы бүтүп калганы менен каражаттын толук бөлүнбөй жаткандыгынан улам пайдаланууга берилбей турганын айтып, маселени чечүүгө көмөктөшүүнү өтүндү. 

Чыныбай Турсунбеков жетпей жаткан 18 миллион сомду тез арада бөлүп берүү үчүн тиешелүү министрликтерге протоколдук тапшырмалар берилерин убадалады. 

Ошондой эле Өкмөттүн өкүлдөрүн курулушу кечеңдеп жаткан социалдык мекемелерди тез ара бүткөрүүгө чакырды.