Жаңылыктар
Улуттар аралык мамилени бекемдөө маселелери талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттар аралык мамилени бекемдөө маселелери талкууланды

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовду кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчысына Кыргызстан элинин Ассамблеясынын ишмердиги, этностук жамааттардын маданий борборлорунун өз ара аракеттенүү маселелери жана өлкөнү байырлаган бардык этностук топтордун өкүлдөрүнүн укуктарын камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. 

Токон Мамытов этностор аралык мамилелерди андан ары өркүндөтүү, өлкөнүн маданий мурасын жана этностук көп түрдүүлүгүн сактоо аркылуу улуттук биримдикти камсыз кылууга багытталган Эл биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу тууралу президентке айтып берди. 

Мамлекет башчысы этностор аралык мамилелерди заманбап демократиялык башкаруу системасынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу өлкөнү өнүктүрүүдө приоритет болуп саналаарын белгиледи. Президенттин айтымында, өлкөдө салттуу этностор аралык конструктивдүү диалогду сактоодо жана өнүктүрүүдө, коом ичинде ынтымакты арттырууда Кыргызстан элинин Ассамблеясына өзгөчө роль таандык.