Жаңылыктар
Бириккен Араб Эмирлиги жана Кыргызстан эки тараптуу кызматташтыгы
Саясат
Бириккен Араб Эмирлиги жана Кыргызстан эки тараптуу кызматташтыгы

24-майда Бириккен Араб Эмирлигинин Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Шейх Абдалла бин Зайед Аль-Нахаян Кыргызстанга келет. Бул Араб мамлекетинин тышкы саясий мекемесинин Кыргызстанга болгон биринчи жооп катары визити. Бул тууралуу Бириккен Араб Эмирлигиндеги Кыргызстандын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Чыңгыз Эшимбеков билдирди. 

Иш сапарынын алкагында Бириккен Араб Эмирлигинин Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрин президент Алмазбек Атамбаев кабыл алып, анда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, коопсуздук жана экономикалык байланышты чыңдоо маселелери талкууланат. 

Ошол эле учурда Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Шейх Абдалла бин Зайед Аль-Нахаян баш болгон делегация жана ата мекендик ишкерлердин катышуусунда ишкер форуму өтөт. Элчи Чыңгыз Эшимбеков Бишкек-Нарын-Торугарт жолун салууга 57 миллион доллар бөлүү боюнча сүйлөшүүлөр бар экенин билдирди.