Жаңылыктар
Жол оңдоодо жолчуларга тоскоолдуктар жаралууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жол оңдоодо жолчуларга тоскоолдуктар жаралууда

Каракол шаарындагы ички майда жолдордун айрымдарына кум шагыл төшөлүп түздөлүп жатат. Бул үчүн шаардык бюджеттен каражат бөлүндү. Шаардын баардык ички көчөлөрүндө мындай оңдоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүн эмес. Себеби, жылдык жолдорго бөлүнүүчү каражат негизги жолдордун ремонтуна жетпей жатат. 

Жолчулардын айтымында, жол жасоо иштерине айрым шаар тургундарынын таштандыларды, мал жандыктарын кыктарын өз убагында чыгарбай жолго үйүп салышканы тоскоол болууда. Буларга тийиштүү чара көрүүдө шаар бийлиги алсыздыгын көрсөтүшүүдө. Белгилей кетсек, шаар ичинде 300 чакырымдан ашык ички жол каттамдары бар. Ал эми кум шагыл төгүп болсо да жасалып жаткан жолдорго шаар тургундары ыраазы болушууда.

"Азыр жок минтип түздөп жасап атышат. Асфальт жаткырышса мындан да жакшы болот эле. Мындай болсо да жасалып жатат, аракет бар. Албетте буга деле чоң каражат кетип жатат да",-дейт Каракол шаарынын тургуну Рафиз Насибулин.

"Биз улам келип карап атабыз,атайын адис дайым бул жерде. Мунун бары сүрөткө тартылып жатат. Канча тонна төгүлдү, баары көзөмөлдө",- деп билдирди Каракол шаардык жол тейлөө ишканасынын башчысы Уланбек Стамов.