Жаңылыктар
Кыргызстан боюнча 17 587 үй бүлө көчүүгө муктаж
Кырсык
Кыргызстан боюнча 17 587 үй бүлө көчүүгө муктаж

2002-жылдан ушул күнгө чейин  жалпысынан Кыргызстан боюнча 17587 үй бүлө көчүрүүгө муктаж –деген тыянак бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Жогорку Кеңеште комитет жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, азыркы күндө мамлекеттен жардам жана жер тилкесин алып коопту аймакта жашап жаткан кожолуктардын саны 2000ден ашат:

Маалыматка ылайык, коопту аймакта жашап, көчпөй жаткан тугундар соттун чечими аркылуу көчүрүлө баштады. 

Эске салсак, бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Өзгөн районундагы жер көчкүдөн улам жергиликтүү тургундарды башка жакка көчүрүү маселеси каралды.