Жаңылыктар
«Аккула» ат майданын реконструкциялоо долбоорунун бет ачаары болду
Кыргызстан жаңылыктары
«Аккула» ат майданын реконструкциялоо долбоорунун бет ачаары болду

“Аккула” ат майданы эл аралык стандартка дал келиши керек. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ипподромду реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча өткөргөн жумушчу жыйында айтты. 

Жыйында «Аккула» ат майданын толук реконструкциялоонун эскиздик долбоору көрсөтүлдү. Сунушталган жаңы долбоорго ылайык, ат майдандагы көрүүчүлөрдүн орундары 10 миңге кеңейтилген. Өкмөт башчы спорттук ат оюндары жана башка маданий иш чаралардын бардыгы «Аккула» ат майданында өткөрүлгөндүктөн, объекттин бардык инфраструктуралык маселелерин карап чыгып, аны сапаттуу реконструкциялоо керек деди. 

Жыйын соңунда, Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттигине, Архитектура курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине «Аккула» ат майданын реконструкциялоо долбоорун аягына чыгарып, өкмөттүн кароосуна кайрадан жиберүү тапшырылды.