Жаңылыктар
Чон-Алай: турак-жайларын камсыздандыргандарга кенемте төлөнүп берилет
Өзгөчө кырдаал
Чон-Алай:  турак-жайларын камсыздандыргандарга кенемте төлөнүп берилет

Чон-Алай районундагы кырсыкка чейин өз турак-жайларын камсыздандырууга үлгүргөн 25 жаранга камсыздандыруу уюму тарабынан 200 миң сомдон кенемте төлөнүп берилет. Бул туурасында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депуттаттардын, бир катар мамлекеттик мекемелердин башчыларынын аталган райондун элинин кырсыктан кийинки турмушунан кабар алганы барган учурда маалым болду.

Төрага жабыркагандарга Жогорку Кеңештин төрагасынын резервдик фондунан 1 млн. 500 миң сом жардам көрсөттү.   Күтүлбөгөн кырсык- бул аймактагы 500дон ашуун кожолукту кайрадан турак жай салууга мажбур кылды. Дагы 450дой үй капиталдык оңдоого муктаж деп табылды. Райондук жарандык коргоо комиссиясы 1022 турак-жайга изилдөө жүргүзөн.

Мындай материалдык колдоо башка эл өкүлдөрү тарабынан да берилди. Ал эми, Чон-Алайдагы жер титирөөгө карата ачылган атайын эсепке да республиканын аймагындагы мамлекеттик мекеме-ишкана кызматкерлери бир кундук эмгек акыларын которууда.


Төрага кыш келгенге чейин кырсыктын кесепеттерин жоюу маселелери четинен чечилээрин, бирок кырсыктардын кесепеттери менен күрөшүүдө жергиликтуу калк да өз аракетин көрүп, турак-жайларын камсыздандыруусу шарт экенин билдирди. Ал эми, кырсыкка чейин турак-жайын камсыздандырууга үлгүргөн 25 жарандын ар бирине 200 мин сомдон берилуучу кенемте 25-майга чейин толонуп берилээри айтылды.
Жер титирөөдөн Жекенди аймактык ооруканасынын эки корпусу да керектен чыккан. Мында оор бейтаптар менен кош бойлуулар үчүн шарттар жок болгондуктан, мындай абалдагылар райондук ооруканага жиберилет.

Ар кандай кырсыктын кесепеттерин алдын-алуудада жергиликтүү калктын даярдыгы жок экендигин көрсөттү. Көчкү астында калган 62 турак-жайдын бирөөсүнүн да камсыздандырылбаганы бир жарым жылдан бери иштеп жаткан камсыздандыруу уюуму туурасында маалыматтын бул аймакка жетпегенинен кабар берет. Көчкү астында калган орто мектептеги 339 окуучунун 138и айылдагы маданият үйүндөгү билим алууда. Калган 200 дөй окуучу жакын-туугандарынын айылындагы мектептерде окуп жатышат. Ал эми, баш-паанексиз калган жарандарга Төрт-Көл аймагынан жер тилкеси даярдалууда.