Жаңылыктар
Куралдуу күчтөр колдоого муктаж
Кыргызстан жаңылыктары
Куралдуу күчтөр колдоого муктаж

Өнүгүүнүн дагы бир ачкычы-коопсуздук. Кыргызстандыктардын бейпил жашоосунун, тынч уйкусунун сакчысы болгондор булар аскер кызматкерлери. Мына ушул аскер кызматкерлерин социалдык жактан колдоо программасы ийгиликтүү ишке ашырылууда. Эң ириде аларды турак жай менен камсыз кылуу маселеси коюлуп, өлкө дубандарында көп кабаттуу үйлөр курулуп ишке берилүүдө. Акыркы жолу Бишкек шаарында 27 батир аскер үй бүлөлөрүнө тапшырылып, бул тармактагы турак жай муктаждыгын дагы да болсо жеңилдетти. Мындан сырткары айлык маяна, жөлөк пул жагынан колдоо колго алынган. 

Кыргыз армиясында реалдуу реформалардын башталганына аз эле убакыт болду. Тактап айтканда, акыркы беш жылдан бери эле куралдуу күчтөрүнүн материалдык-техникалык базасын күчтөө, кызматкерлерди социалдык жактан колдоо колго алынып, шарттар түзүлө баштады.

Аскер кызматкерлери жылдап күткөн жагымдуу окуялардын бири. Бул мындан бир ай мурун Бишкектин 12-кичи районунда кыргыз куралдуу күчтөрү үчүн салынган турак жайдын ачылышы аземи. Анда 27 үй бүлө жаңы, заманбап, батирлерге ээ болушкан.


Аскер кызматкерлерин социалдык жактан коргоо программасынын алкагында жалпы өлкө боюнча 743 батир куруу пландалган. Буга чейин 108 батирлүү көп кабаттуу үй Бишкек шаарында салынып, толук ишке берилген. Учурда курулуш иштери Баткен жана Ош облустарында жүрүп жатат.

Аскер тармагы боюнча адистердин айтымында, Кыргызстандын мурдагы бийликтери бир кездерде өлкөгө армиянын кереги жок деп чыгышкан. Бул алардын аскер тармагын реформалоо жана аларды колдоо боюнча так программасынын жоктугунан болгонун белгилешет.

Учурда турак жайдан сырткары аскер тармагында эмгектенгендердин айлык маянасын, пенсия, жөлөк пулду көбөйтүү чаралары иштелип чыккан. Ал этап- этабы менен ишке ашырып жатат. Адистер маселени толук чечүү үчүн убакыт талап кылынарын айтышат.
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, кызматкерлерди турак жай менен камсыз кылуу жумушу токтобойт. Негизи туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук стратегия бир гана аскер тармагынын эмес, бардык күч түзүмдөрүн толук социалдык камсыздоо планын камтыйт.