Жаңылыктар
КТРК: Байкоочу кеңештин төрагасы шайланды
УТРК жаңылыктары
КТРК: Байкоочу кеңештин төрагасы шайланды

  КТРКнын жаңыдан түзүлгөн Коомдук байкоочу кеңешинин жыйыны болуп, анда кеңештин төрагасы шайланды. Байкоочу кеңештин башына коомдук ишмер Жыпар Жекшеев келди. 

Айта кетсек, шайлоого бир гана талапкер коюлган. Добуш берүү жашыруун түрдө өттү. Атайын түзүлгөн эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын дароо чыгарды. 

Кеңештин 15 мүчөсү тең бир добуштан Жыпар Жекшеевдин талапкерлигин тандады. Ал эми катчысы болуп Жылдыз Ниязова шайланды.