Жаңылыктар
Бишкектин дагы бир жаңы конушу көгүлтүр оттуу болду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин дагы бир жаңы конушу көгүлтүр оттуу болду

 Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы “Щербаков” жаңы конушунун 1000ден ашык жашоочусу жаратылыш газы менен камсыз болууга мүмкүнчүлүк алышты. Аталган конушту газдаштыруу иштерин Кыргыз Республикасынын газ менен камсыздоо, газдаштыруу схемасы жана “Газпром Кыргызстан” компаниясынын инвестициялык программаларынын алкагында жүргүзүлдү. 

Аракеттин арты мындай жагымдуу жаңылыктарга жетелейт. Бул конуштун жашоочулары газдаштырууну 10 жылдан бери көксөп келишкен. Эми алардын кыялы орундалып, азыр 100дөн ашык үйдүн ичинде көгүлтүр от жанды.

Ал эми бул үй-бүлө жаңы кирген көгүлтүр отуна биринчи жолу чай кайнатып, даам сызышты.  Үйдүн улуу келини Гулира Жанышбекованын да күнүмдүк тиричилигиндеги түйшүгү жеңилдеди. Электр энергиясы үзгүлтүккө учураган маалда эми ал газды жандырып, очокко казан асуу түйшүгүнөн кутулат.

Аталган конушту газдаштыруу иштери Кыргыз Республикасынын газ менен камсыздоо, газдаштыруу схемасы жана “Газпром Кыргызстан” компаниясынын инвестициялык программасына ылайык жүргүзүлдү. 2017-жылдын ичинде Бишкектеги жана Чүй облусунан дагы 12 жаңы конушту газдаштыруу иши жүргүзүлүп, 20 миңден ашык турак жай көгүлтүр от менен камсыз болот.