Жаңылыктар
Экономикасы өрүш алган Кытай
Экономика
Экономикасы өрүш алган Кытай

Өлкөнүн өнүгүүсүндө чет элдиктердин дагы тажрыйбасын алуу ашыктык кылбайт. Дегенибиздин себеби, Улуу Жибек Жолу аралап өткөн Кытайдын Шиңжан уйгур автономиялуу районунун экономикасы күн санап өсүп жатат. 20 миллион калкты камтыган, 50 дөн ашуун улут жашаган аймакта иш кайнап, бардык багыт боюнча жумуштар аткарылууда. Кытай бийлиги 20 ашык өлкөнүн массалык маалымат каражат өкүлдөрүн чакырып, Шиңжан өрөөнүндөгү жетишкендиктери менен тааныштырды. 

Тянь-Шань тоолорунун аркы бетиндеги өлкөгө баш баккан адамдын көзү ачылат. Өнүгүү боюнча дүйнөдө алдыга озуп бара жаткан Кытайда баары бир нукка түшкөн. Тыным албаган эмгекчил калктын эмгеги аркылуу экономиканы өстүрүүгө шарттар түзүлгөн. Кытайда өнөр жай, дыйканчылык, инфраструктура жана башка тармактар алдыга секирик таштаган. Журналисттер айрымдарына күбө болушту.


Бул оор өнөр жай ишканасында бир нече багыттагы жабдуулар даярдалат. Темир жол рельсалары, шахтага жол салчу жабдуулар, тоону көзөп өтчү тетиктер, метрого жана башка жер алдындагы жумуштарга керектүү жабуулар жасалат. Компания дүйнөдө 500 ири компаниянын катарынан 79-орунду ээлейт. Мындагы адистер Кыргызстандагы ГЭСдин курулушуна салым кошууга ниети бар экен.
Коммунизм жолундагы өлкөдө баары эске алынган. Өндүрүлгөн нерсе жерде калбайт, мисалы дыйкан алган түшүмүн жакын жайгашкан ишканага өткөрө алат. Колу бош адам жокко эсе, жумушу жок калган адамдарды өкмөт эмгекке үйрөтүп ишканаларга жөнөтүлөт.

Шиңжанда өндүрүүчүлөргө ылайыкталган ишканалар көп, анда бийлик менен жеке тарап биргелешип иш алып барат. Долбоорун даярдап, ишкана ачкан ишкер өкмөт тарабынан колдоого алынып, андан тышкары салыктан бошотулган.
Кытай илгертен сооданын көзү болгон Улуу Жибек Жолун азыркы замандын талабына ылайыкташтырууну демилге кылып, жакында Кытайда “Бир алкак - бир жол” эл аралык экономикалык форум болуп өттү. Иш-чарада бир катар актуалдуу маселелер каралды. Ушул эле маалда Кытай өкмөтү журналисттерге Улуу Жибек Жолундагы маанилүү орунда турган Шиңжан уйгур автономдуу районундагы абал менен тааныштырды.