Жаңылыктар
Борбор калаада "Музейдеги кадыр түн" аттуу иш-чара өттү
Маданият
Борбор калаада "Музейдеги кадыр түн" аттуу  иш-чара  өттү

Борбор калаада "Музейдеги кадыр түн" деп аталган социалдык-маданий багыттагы акция өттү. Быйыл мындай ири иш-чара бир эле музейде эмес, Бишкектеги 12 маданий аянтчада уюштурулду. Коноктор ар кандай мастер-класстарга катышып, сүрөт көргөзмөлөрүн көрө алышты. Ошондой эле кыргыз элинин улуттук маданиятын чагылдырган бир катар сабактар өттү. Кыргызстан "Музейдеги кадыр түн" акциясына 2010-жылдан бери катышып келет. 

Гапар Айтиевдин ысымын алып жүргөн музейдин алдына майрамдагыдай эл көп чогулду. Концерттик программа, кол өнөрчүлүк... Уюштуруучулардын айтымында, былтыр акцияга сегиз миңдей адам келсе, быйыл көрүүчүлөрдүн саны он беш миңге жетти.

Өзгөчө костюмдарды кийген чырайлуу кыздар музейдин залдарын кыдырып, иш-чарага көрк кошуп турду. Чыгармачыл мастер-класстар, салттуу корей техникасы менен жазуу, "Скульптуратерапия" - бардыгын бир аянтка чогулткан "Музейдеги кадыр түн" акциясы. Алардын катарында кыргыздардын улуттук кол өнөрчүлүгү жана маданияты да бар.

Иш-чара жашынан карысына чейин, балдардын, кыздардын, аталар менен апалардын кызыгуусун жаратып турду. Бул жерге келип өзгөчө нерсени көрүүгө куштар болгон чет өлкөлүк коноктор да арбын болду.

Заманбап өнүгүү процесси менен чыгармачылыктын жаңы агымдары да жаралууда. "Музейдеги кадыр түн" акциясынын алкагында кыргызстандык жана казакстандык сүрөтчүлөрдүн видео-арт өнөрүнө күбө болдук. Иш-чара чакан концерттик-программа менен коштолду.