Жаңылыктар
Манчестер шаарындагы жарылуу бир нече адамдын өмүрүн алды
Дүйнө
Манчестер шаарындагы жарылуу бир нече адамдын өмүрүн алды

Улуу Британиянын Манчестер шаарында жарылуудан  20га жакын киши каза болуп,  50гө жакын адам жаракат алды. Жардыруу кечээ, 22-майда Манчестер шаарындагы концерттик аренада америкалык ырчы Ариана Гранденин концерти бүткөндө болгон. Учурда куткаруу иштери жүргүзүлүп,  жардыруунун себеби такталууда.  

Бирок жергиликтүү бийлик муну терракт катары сыпаттоодо. Кошумча булактардын билдирүүсүндө концертте жаш балдар көп болгон. 

"Манчестер-Арена" Европадагы эн чоң концерттик стадион. 22 миңге чамалуу орундуу стадионго буга чейин дүйнөнүн белгилүү жылдыздары концерттерин коюп келген.