Жаңылыктар
Кооптуу делген аймактардан көчүрүлүп чыгуучу 1710 үй бүлө белгиленүүдө
Кырсык
Кооптуу делген аймактардан көчүрүлүп чыгуучу 1710 үй бүлө белгиленүүдө

Өзгөн районундагы жер көчкүдөн улам жабыркагандардын арасында мурда жер үлүшү менен катар ссуда алгандарга кайрадан мындай жардамдар көрсөтүлбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде маселени талкуулоо учурунда айтылды. Маалыматка ылайык, кооптуу делген аймактардан көчүрүлүп чыгуучу 1710 үй бүлө белгиленүүдө. 

Эске салсак, өкмөт тарабынан Өзгөн районун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Ничке-Сай айылынын тургундарына көчүп, там салууга Жаман-Адыр аймагынан  жер бөлүнүп берилүүдө.

Жыйынтыгында кооптуу делген аймактардан көчүрүлүп чыгуучу элдин саны арбын экени тактап айтканда 1710 үй бүлө белгиленип, өкмөт бөлүп берип жаткан жерден сырткары, Ничке-Сай айылынын тургундары койгон маселени дагы кошумча кароо тапшырмасы берүү боюнча чечим кабыл алынды. Бул чечимге күзгө чейин кайракы делген жерге суу чыгаруу  зарылчылыгы менен 10-июндан баштап элге жер үлүштөрү  бөлүнүп бериле башташы керектиги камтылды. 

Эске салсак, Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкүлөрдөн улам жалпысы 31 адам каза болгон. Бүгүнкү күндө жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендерге атайын чаралар көрүлүүдө.