Жаңылыктар
Чаткал дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, унаа өтүүчү көпүрө жараксыз болуп калды
Өзгөчө кырдаал
Чаткал дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, унаа өтүүчү көпүрө жараксыз болуп калды

Чаткал дарыясынын суунун деңгээли көтөрүлүп, Айгыржал-Каныш-Кыя жолундагы унаа өтүүчү көпүрө жараксыз болуп калган. Бул  тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Бүгүн, 23-майда Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында Чаткал дарыясынын деңгээли көтөрүлүп,  Айгыржал-Каныш-Кыя унаа жолунун 61-чакырымындагы унаа өтүүчү көпүрөнү жууп кеткен. Учурда унаалар өтүүгө мүмкүнчүлүк жок калды. 

Айгыржал-Каныш-Кыя айылына баруу үчүн 2 чакырым ылдый жагында унаа өтүүчү айланма көпүрө бар. Ал эми, дарыянын деңгээли жогору болгондуктан, калыбына келтирүү жумуштары кооптуулукту жаратууда.