Жаңылыктар
Жол кырсыгы: өлүм саны боюнча КР Европа өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы орунда
Кырсык
Жол кырсыгы: өлүм саны боюнча КР Европа өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы орунда

Жол кырсыгынан болгон өлүм саны боюнча Кыргызстан Европа аймагындагы 53 өлкөнүн ичинен 2-орунда турат. Мындай маалыматты Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму чыгарган. Демек 100 миң адамдын жыйырма бири 1 жыл ичинде жол кырсыктарынан каза болот. Бийлик, жарандык коом, бейөкмөт уюмдары биригип, ар түрдүү акцияларды уюштуруп, маселе Парламентте да көтөрүлгөнү менен көрсөткүч азайбай, күн сайын ММКлардан адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы тууралуу маалыматты окууга болот. 

Жол кырсыктары жылына миңдеген өмүрлөрдү алып, жүздөгөн адамдардын ден соолугун алууда. Балдар жетим калып, энелер көз жашын төккөндөн башка аргалары жок.

Эми Борбор калаанын тургундары жол кырсыгынан каза болгондорду эскерип үнсүз жүрүшкө чыгуунун алдында турат. Активисттердин айтымында, Бишкекте жыл башынан бери бир жарым миңдей жол кырсыгы катталып, андан 376 өспүрүм жаракат алып, 11и каза болгон. "Бул жүрүштү айдоочуларга кулак кагыш кылып, көңүл бурдуруу максатында уюштуруп жатабыз. Соңку убактарда жол чийинден автоунаа кишилерди сүзүп кетип, алар каза болгон окуялар көп катталууда", — деп айтылат маалыматта. Жүрүш 28-майда саат 11.00дө Горький эс алуу багында башталат.