Жаңылыктар
Ош шаарында мектеп ремонтуна ата-энелерден акча чогултула баштады
Билим
Ош шаарында мектеп ремонтуна ата-энелерден акча чогултула баштады

Бул нерсе мамлекеттен оңдоп-түзөөгө  аз каражат бөлүнгөнүнө байланыштуу. Ушундай маалыматты тараткан шаардык билим  берүү башкармалыгы ата-энелерди көмөктөшүүгө чакырды. Анткени Оштогу 56 мектептин  ар бирине 107 миллион сом сарптала  турган болсо, быйыл шаардык бюджеттен 6 миллион сом гана каралган. Ошондуктан,  ремонт үчүн деп ата-энелерден 300 сомдон 600 сомго чейин акча топтоло баштады.  

Оштогу № 50 Пайыз Нышанов атындагы орто мектебинде окуган окуучулардын ата-энелери мектеп ремонту үчүн 150 сомдон жыйнай башташты. Анткени шаардык казына менен мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча каражаты оңдоп-түзөөгө толук жетпейт. Ошол себептен быйыл мектеп муктаждыктары ата-энелерден чогулган каржы менен оңдолот. Бул нерсе өткөн жылдары да болуп келген. 

Эске сала кетсек, Ош шаарында жалпы 56 мектеп бар. Аларда 54 миң окуучу билим алат. Айрым маалыматтарга караганда, шаар мектептеринде ремонт үчүн деп ата-энелерден 300 сомдон 600 сомго чейин акча топтоло баштаптыр.