Жаңылыктар
Жашылча-жемиштерде пайдалуу витаминдер арбын
Кыргызстан жаңылыктары
Жашылча-жемиштерде пайдалуу витаминдер арбын

Жашылча-жемиштер адамдын организмин керектүү витаминдер менен камсыз кылат. Ал эми учурда дал ошол витаминдүү өсүмдүктөрдүн сатыка чыгып калган мезгили. 

Эсибизде болсо, былтыр жаз жана жай айлары жемиштерге мол болгону менен сапаты начар ал эми баасы кымбат болгон. Быйылкы жылдын жашылча-жемиштери суроо-талапка жооп береби же былтыркы окуя кайталанабы? Базарлар жана шаарыбыздын бардык гипермаркеттери жаздын келиши менен жашылча-өсүмдүктөргө толо түшкөнүн байкасак болот. Албетте жаңыдан гана бышкан жемиштер учурда бираз кымбат турат. Өсүмдүктөр негизинен Ташкенттен келет,алар: картошка,калемпир,помидор,ал эми бир айдан бери жашылчалар жана бадыраң,пияз өзүбүздөн келе баштаган.

Кыргызстанда өстүрүлгөн жемиштерге ГМО колдонуу шарты деле жок. Ал эми өсүмдүктөрдү сатып алуучу кардарлар баасынан башкасы канааттандырарлык. Буюрса жакын арада өзүбүздүн жашылча-өсүмдүктөр чыкса баасы да арзандай түшөт. Сатуучулардын билдирүүсүнө таянсак, июнь айынан тартып толугу менен өзүбүздө өстүрүлгөн жемиштерди стаып алууга мүмкүн болот.