Акыркы коңгуроо салтанатында Бишкекте 4 миңден ашык күч кызматкери коопсуздукту камсыз кылат.
Мындан тышкары, республиканын аймактарындагы жалпы билим берүү мекемелерине облустук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тартылып, иш-чара өтүүчү ар бир мектеп күч кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнөт.
Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги бүтүрүү кечелерин анын ичинде тоого чыгуу, ар кандай көңүл ачуу жайларында кечелерди уюштурууга тыюу салган.