Жаңылыктар
Майлуу-Суу: жер көчкүнүн кесепетинен жок калган унаа жолунун курулушу башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Майлуу-Суу: жер көчкүнүн кесепетинен жок калган унаа жолунун курулушу башталат

 Жер көчкүнүн кесепетинен унаа каттамы жок калган Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ айыл аймагына 3-4 күндүн ичинде унаа жолунун курулушу башталат. Мындай маалыматты вице-премьер министр Жеңиш Разаков,Сары-Бээ айыл аймагынын эли менен жеринде жолугуп жатып айтты. 

Жеңиш Разаковдун айтымында, тоо борунан алынып өтүүчү жолдун узундугу 800 метрди түзүп, ал үчүн өлкө бюджетинен 10 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн. Эскерте кетсек, 28-апрель күнү Сары-Бээ айыл аймагынын Кара-Жыгач айылында чоң көлөмдөгү жер көчкү жүрүп, унаа жолун бөгөп калган.

Мындан сырткары айрым турак үйлөрдү басып калган болчу.Көчкүнүн кесепетинен 40 тан ашуун кожолука кооптуу абал жаралып,үй ээлери убактылуу тигилген чатырларга көчүрүлгөн болчу.