Жаңылыктар
Диктор Гүлшан Молдоеванын академиясы алгачкы бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду
Кыргызстан жаңылыктары
Диктор Гүлшан Молдоеванын академиясы алгачкы бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду

 Гүлшан Молдоева академиясы алгачкы бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду. Чечендик өнөрдү биринчи бүтүргөндөрдүн арасында мектеп окуучулары, студенттер, мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер бар. Жалпысынан 20 бүтүрүүчүгө сертификаттар салтанаттуу тапшырылды. 

Кыргыз тилин туура, так, түшүнүктүү сүйлөөгө үйрөткөн бул академияда билим алгандарга Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери Гүлшан Молдоева баш болгон эл артисттер, профессорлор, тилчилер жана белгилүү журналисттер 3 ай бою сабак беришти. Эми академия 3 айлык тыныгууга чыгып, келерки окуучуларын сентябрда тандайт.