Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков "Айыл банктын" жетекчилигин сынга алды
Кыргызстан жаңылыктары
Сооронбай Жээнбеков "Айыл банктын" жетекчилигин сынга алды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков "Айыл банктын" жетекчилигин сынга алды. Айыл-чарбасы үчүн насыя алууну каалаган 14 миңден ашуун жарандын бир жарым миңге жакынына гана каражат берилген. 

Ал эми "Айыл Банктын" жетекчиси Мурат Акимов кезек күткөндөрдүн айрымдары мурда алган насыяларын кечиктирип төлөгөн жарандар экенин билдирүүдө. Өкмөт башчысы банк жетекчисине 1 ай аралыгында иш жөнгө салынбаса, кызматтан алынаарын эскертти.